Өлкөдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникалары 80% даяр

 Өлкөдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникалары 80% даяр

Өлкөдө жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникаларынын даярдыгы 80 пайызды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Азыркы тапта өлкө боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22 149 трактордун ичинен 17 497 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 79%ы, соколордун 80%ы, үрөн сепкичтердин 77%ы, малалардын 77%ы, жерсемирткич чачкычтардын 82%ы, арык казгычтардын 85%ы, жер тегиздегичтердин 81%ы, трактор чиркегичтеринин 84%ы даяр.

Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 7 миңден ашык жер айдоочу жана 2,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле республиканын аймактарында жазгы айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр.

Ошентип, учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 80%ды түздү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 90 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен 22 149 даана трактор, соколор 10 946 даана, 3 285 даана үрөн сепкичтер жана малалар 15 234 даана, жер семирткич чачкычтар 754 даана, арык казгычтар 1 362 даана, жер тегиздегичтер 2 023 даана, трактор чиркегичтери 9 256 даана.

Связанный пост