Өлкөдө социалдык жөлөкпул алуучулардын саны көбөйдү

 Өлкөдө социалдык жөлөкпул алуучулардын саны көбөйдү

2025-жылдын 1-июлуна карата ай сайын социалдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 112,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ай сайын социалдык жөлөкпулдарды төлөөнүн жалпы көлөмү 4 млрд 422,2 млн сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ай сайын социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 1 357 адамга көбөйдү

Анын ичинен:

  • бала кезинен майыптыгы бар адамдардын саны 1 255 адамга көбөйүп, жалпы 40 948 адамга;
  • багуучусун жоготкон балдардын саны 434кө көбөйүп, жалпы 21 243 балага жетти.

Связанный пост