Өлкөдө негизги азык-түлүктөр кымбаттап, жашылчалар арзандады

 Өлкөдө негизги азык-түлүктөр кымбаттап, жашылчалар арзандады

30-июлга карата Кыргызстанда жана Россия, Казакстанда азык-түлүк продукцияларына болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майынын баалары салыштырылды.

Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:

Кыргызстанда баалар төмөнкүдөй өзгөргөн:

  • 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 0,6 % га (35,1 сом);
  • 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан – 0,5 % га (64,7 сом);
  • нан азыктары – 0,5 % га (96 сом), өсүмдүк майы – 0,5 % га (150,6 сом);
  • пастерленген сүт – 0,4 % га (73,8 сом);
  • кой эти – 0,3 % га (663 сом).

Баасы төмөндөгөн продукт:

  • сабиз – 3 % га (-2 сом);
  • картошка – 2,4 % га (-1 сом);
  • пияз – 1,5 % га (-0,6 сом);
  • макарон азыктары – 0,2 % га (-0,2 сом).

Казакстанда төмөнкү азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаган:

  • уй эти – 1,8 % га;
  • нан азыктары – 0,6 % га;
  • кой эти – 0,3 % га.

Баасы төмөндөгөн продукт:

  • жумуртка – 0,5 % га.

Россияда төмөнкү азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаган:

  • каймак май – 0,1 % га.

Баасы төмөндөгөн продуктулар:

  • картошка – 3,8 % га;
  • сабиз – 3,7 % га;
  • пияз – 1,2 % га;
  • жумуртка – 0,7 % га;
  • кум шекер – 0,3 % га;
  • макарон азыктары (вермишель) – 0,1 % га.

Связанный пост