Өлкөдө мектептерде жана бала бакчаларда кышка кызуу даярдык көрүлүүдө

 Өлкөдө мектептерде жана бала бакчаларда кышка кызуу даярдык көрүлүүдө

Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарынын 2025-2026-жылдарга жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдар бакчалары, мектептер, чыгармачылык үйлөрү жана билим берүү борборлорунун коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү жана күз-кыш мезгилине көмүр сатып алуу чыгымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каржыланат.

Ал эми Баткен облусунун билим берүү уюмдары 2022-жылдан тартып республикалык бюджет аркылуу Агартуу министрлиги тарабынан каржыланып келет.

2025-жылга карата республикалык бюджеттен Агартуу министрлигине караштуу билим берүү уюмдарына (айрым мектепке чейинки уюмдар, бардык түрдөгү мектеп-интернаттар, мектептен тышкаркы мекемелер, балдар үйлөрү) көмүр даярдоо үчүн 156,5 млн сом каралган. Анын ичинен Баткен облусуна — 121,4 млн сом каралган.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы билим берүү уюмдарына 103,3 млн сом, анын ичинен Баткен облусуна 92,4 млн сом каражат бөлүндү.

Мындан тышкары, 2025-2026-жылдардын жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү максатында Агартуу министрлиги  тарабынан Баткен облусунун жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2025-жылдын бюджети аркылуу кошумча 45,4 млн сом  бөлүнүп, бул каражат мектептердин от казандарын оңдоп-түзөөгө багытталды.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы республика боюнча 95 487,19 тонна көмүр ташылып, көмүр кампаларга түшүрүлдү. Ал 71,04 пайызды түздү.

Белгилей кетсек, Агартуу министрлиги министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 282 токтомун ишке ашыруу максатында билим берүү уюмдарын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Связанный пост