Өлкөдө “Камсыздандыруу” долбоору ишке кирди

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен Улуттук камсыздандыруу компаниясы биргелешип, «Камсыздандыруу» долбоорун ишке ашырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Кызмат» ММнин директорунун орун басары Нурлан Айдиев билдирди.
Айдиев белгилегендей, бул заманбап санариптик чечим камсыздандыруу кызматтарынын ачыктыгын, натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Системанын бэк-офисин «Кызмат» ММ иштеп чыккан, ал эми фронт-офис «Түндүк» тиркемесинде «Түндүк» ААК тарабынан ишке ашырылган.
«Камсыздандыруу» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган жарандардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылат. Система өлкө боюнча камсыздандыруу полистеринин бирдиктүү базасын түзүп, аны мамлекеттик санариптик платформа G-CLOUDда жайгаштырат.
Долбоордун алкагында төмөнкү мүмкүнчүлүктөр ишке киргизилди:
– Санариптик камсыздандыруу полисин электрондук форматта колдонууга берүү;
– Полисти онлайн түрүндө расмийлештирүү жана алуу мүмкүнчүлүгү, анын ичинде «Түндүк» тиркемеси аркылуу (бир полиске 4кө чейин айдоочу киргизүү мүмкүнчүлүгү менен);
– Камсыздандырууну мамлекеттик деңгээлде каттоо, эсепке алуу жана көзөмөлдөөнү жогорулатуу.
Учурда «Түндүк» тиркемеси аркылуу ОСАГОнун онлайн-расмийлештирүүсү Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунда жана «УККта» жеткиликтүү.