Өлкөдө электр энергиясын колдонуучулардын саны өсүүдө

2025-жылдын 6 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 миң 283 абонент жалпы керектөөчүлөргө кошулду. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мында 12 миң абоненти калк категориясы боюнча керектөөчүлөр, ал эми 2 миң 268 бул калк эмес категориясындагы керектөөлөр.
“Бүгүнкү күндө “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасы өлкө боюнча жалпысынан 1 млн 60 миң абонентти тейлейт. Бардык өндүрүлгөн электр энергиясын электр станцияларынан, чакан жана орто ГЭСтерден ошондой эле күн электр станцияларынан ишкана учурда сатып алат. Андан тышкары, өлкөдө жетпей калган электр энергиясы коңшу мамлекеттерден импорттолуп келет”,- дейт Уларбек Дүйшө уулу.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 6 айында эле 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу биздин республика боюнча жалпы электр энергиясын керектөөбүз 664 млн кВт саатка өскөн.
“Кайсы жерде кандай жаңы ишкана же жөнөкөй эле үй кошулбасын, ар бир жерге кошумча электр энергиясы керектелет. Акыркы жылдардагы экономикалык өсүшкө байланыштуу электр энергиясы бул – экономиканын локомотиви”,- деди ал.
Булак “Кабар” агенттиги