Өлкөдө 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөдөгү бош жумуш орундары тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарына иш берүүчүлөр тарабынан 16 миң 106 бош жумуш орду билдирилген.
“Эң көп суроо-талап жумушчу кесиптерге байкалууда. Бүгүнкү күнгө карата 8 миң 450 бош жумуш орду бош”, – деп айтылат маалыматта.