Өлкөдө 7 айда 700 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузган

 Өлкөдө 7 айда 700 миңге жакын айдоочу жол эрежесин бузган

Кыргызстанда 7 айда 689 миң 248 жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкы башкармалыгынын ушул аралыктагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешмеде айтылды.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен:

 

мас абалында унаа башкарган 9534 айдоочу;

ылдамдыкты ашырып айдаган 106миң 965 айдоочу;

терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 4432 айдоочу;

тийиштүү документтери жок унаа башкарган 25 114 айдоочу;

автоээнбаштык жасаган 805 айдоочу;

каршы тилкеге чыгып айдаган 13 433 айдоочу аныкталган.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 93 миң 313 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

 

Жыйынга башкармалыктын башчымы Жеңишбек Жоробеков жана анын орун басарлары, ошондой эле жер-жерлердеги бөлүм башчылары катышты.

Связанный пост