Өлкө аймагында нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 9-11-майда республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Мүмкүн болгон локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.