Өлкө аймагында бир жума ичинде 20 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

 Өлкө аймагында бир жума ичинде 20 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында бир жума ичинде 20 109 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББ басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 9-сентябрдан тартып, 15-сентябрга чейин, алдын ала маалымат боюнча 20 109 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-611;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -207;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-66;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-522;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 478;
-Авто ээнбаштык – 9;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 206;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 5;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11005;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 22 03 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост