Үрөнчүлүк жана питомниктерди өнүктүрүү үчүн 2,85 млн сом жеңилдетилген насыялар берилди
			
    Кыргызстанда «Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана питомниктерди өнүктүрүү» долбоору улантылууда.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 16-октябрына карата долбоордун алкагында эки субъектке жалпы суммасы 2,85 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилди.
Бул долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, программалык насыялардын жалпы көлөмү 100 млн сом түзөт.
Долбоор аркылуу үрөн материалдын сапатын жакшыртуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, питомниктерди кеңейтүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо пландалууда.
Белгилей кетсек, долбоордун максаты – үрөнчүлүктү жана питомниктерди андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңыртууну өз убагында жүргүзүү.