Жыл башынан бери 35 айыл чарба кооперативдери жаңы түзүлдү
![Жыл башынан бери 35 айыл чарба кооперативдери жаңы түзүлдү](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/04/images-1-1.jpeg)
2023-жылдын үч айында республика боюнча 35 айыл чарба кооперативдери жаңы түзүлүп айыл чарба өндүрүшүндө ишке кирди, анын ичинен: Чүй облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 2; Ош облусунда – 7; Жалал-Абад облусунда – 12; Талас облусунда – 2; Нарын облусунда – 1; Баткен облусунда – 9.
2023-жылдын 1-апрелине карата 513 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердиктерин жүргүзүшүүдө, анын ичинен: Чүй облусунда – 80; Ысык-Көл облусунда – 61; Ош облусунда – 63; Жалал-Абад облусунда – 156; Талас облусунда – 62; Нарын облусунда – 40; Баткен облусунда – 51.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги кооперацияны өнүктүрүүгө практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү менен алардын материалдык-техникалык базасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүдө, айыл чарба азык-түлүгүн экспорттоо жана кайра иштетүүгө шарт түзүүдө, укуктук ченемдик базаны жана айыл чарба кооперативдерине биригүүгө материалдык дем берүүнү ишке ашырууда.