Ысык-Ата районунда мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды

 Ысык-Ата районунда мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кант райондук мамлекеттик администрациясынын (азыркы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы) жана Бирдик айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, аталган айылдагы мурдагы мектептин имараты жана анын жер тилкеси окуу-тарбия иштерине байланышпаган башка максаттарда, тагыраагы мечит катары пайдалануу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, райондук прокуратура тарабынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына ченемдик укуктук актыларын бузууларды четтетүү жөнүндө талап киргизилип, аны кароонун натыйжасында, Ысык-Ата районунун Бирдик айылындагы 22 млн 84 миң сомго бааланган мектептин имараты жана 709 чарчы метр жер тилкеси билим берүү максатында пайдалануу үчүн мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Связанный пост