Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады
Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын 5-ноябрда Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары аяктады.
Сапардын алкагында “Ынтымак ордодо” Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Андан соң чакан жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири спектри, ошондой эле ар кандай чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары талкууланды.
Садыр Жапаров жана Виктор Орбан тараптардын достук, бир туугандык, өз ара сый-урмат жана ишеним духунда эки тараптуу байланыштарды чыңдоо багытын улантууга чечкиндүүлүгүн ырасташты.
Эки өлкөнүн биргелешкен аракеттери оң натыйжаларды берип жатканы белгиленди: өз ара сооданын өсүшү байкалууда жана академиялык жана билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташтык активдешүүдө.
Ошондой эле Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду каржылаган бир нече биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу башталды.
Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кол коюлган документтердин катарында Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация, Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга STIPENDIUM HUNGARICUM программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум бар.
Эртең, 6-ноябрда, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.