УКМК: Мобилдик телефондорду мыйзамсыз каттагандар кармалды

 УКМК: Мобилдик телефондорду мыйзамсыз каттагандар кармалды

Кыргызстанда мобилдик телефондорду мыйзамсыз каттагандар кармалды. бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

 

Атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик идентификациялоо системасын ишке ашыруунун алкагында мобилдик телефондорду алып келүү жана каттоонун белгиленген эрежелерин одоно бузуу фактылары аныкталды.

 

Маалыматта айтылгандай, бекитилген идентификациялык жол-жоболорго ылайык, өлкөгө сатуу же башка ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүү максатында импорттоодо аппараттардын негизги бөлүгү импортерлор тарабынан катталууга тийиш.

 

Ошого карабастан, телефондорду бажы жол-жоболорун кыйгап каттоо фактылары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан Мамлекеттик идентификациялоо системасынын талаптарын жана иштөө шарттарын бузуу менен мобилдик түзүлүштөрдү баш аламан каттоо схемасы уюштурулуп, кеңири жайыла баштаган.

 

Буга байланыштуу 16-октябрда атайын иш-чаралар өткөрүлүп, натыйжасында жогоруда аталган мыйзамсыз иштердин негизги уюштуруучулары катары А.С.Т., Ю.Ж., У.Р.У. жана С.O.С. аттуу жарандар кармалды.

 

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча аракеттер көрүлүүдө.

 

УКМК мобилдик аппараттарды мыйзамсыз каттоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Связанный пост