Токтогул ГЭСнин реабилитациялоо иштеринин 80% аяктады

 Токтогул ГЭСнин реабилитациялоо иштеринин 80% аяктады
Токтогул ГЭСнин реабилитациялоо иштеринин 80% аяктады. Бул тууралуу КР Энергетика министрлиги маалымдады.
«Электр станциялар» ААКнын Токтогул ГЭСнин реконструкция жумуштарынын башталганына 6 ай болду, бул аралыкта модернизациялоо долбоорунун маанилүү жумуштарынын 80% пайыздан ашыгы аткарылып бүттү, алсак:
– 1 – ГА негизги жана көмөкчү жабдууларды демонтаждоо иштери толугу менен аяктады;
-Гидроагрегаттын генераторунун статору толугу менен чогултулуп, сыноодон ийгиликтүү өттү;
-Токтогул ГЭСнин 1 – гидроагрегатынын ротору чогултулуп, ийгиликтүү орнотулду;
-Турбина бөлүгүнүн негизги монтаждоо иштери аяктады.
Бул маанилүү жумуштарды ийгиликтүү аяктоодо биздин коллектив менен долбоорду алып барган көптөгөн адистердин жетишкендиктери, талыкпас эмгеги жана кесипкөйлүгү.
Эске салсак, берилген пландын негизинде 5-марттан тарта ГЭСте реконструкция жумуштары башталып, №1 гидроагрегатынын суу түтүгүнүн тосмолору жана гидромеханикалык жабдууларын(ГМЖ) калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү башталган.
Гидроагрегаттын учурдагы абалы:
-1 – ГА демонтаждоо иштери ушул жылдын май айында толук аяктаган.
-1 – ГА гидроагрегатты монтаждоо иштери 81 %га аткарыды.
– Негизги жана көмөкчү жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.
Токтогул ГЭСнин 1 – ГА жакынкы арада ийгиликтүү сыноодон өткөрүп ишке киргизип алсак, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25 – 30 жылга узарып, күз – кыш мезгилине калкыбызды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздаганга өбөлгө түзүлүп, ГЭСтин кубаттуулугуна кошумча дагы 60 МВт кошулат.

Связанный пост