Ташиев: Достук айылы эч качан Ворухка дарбаза болгон эмес

Достук айылы эч качан ворухка дарбаза болгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал белгилегендей, Достук айылынан Ворухка чейин 21,5 чакырым.
“Эгерде биз Достук айылын Ворухка дарбаза дей турган болсок, Кызыл-Бел менен Баткенге Ворухка жол беришибиз керек эле. Султанбай Айжигитовдун айтканын жеке өзүм ушундай түшүнүп жатам. Ворухтун жолу биз тарап аркылуу өтчү эле, ошону үчүн бул жерди тосуп койсок жакшы болмок деп жатасыз. Бирок, Урматтуу Султанбай Абдирашитович алар эбак эле биздин Достук айылы аркылуу өтпөй калышкан. Булар өзүнчө жол салып алышкан. Алардын атайын өздөрүнүн жолу бар”,-деди ал.