Таласта 450 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу дээрлик аяктап калды

 Таласта 450 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу дээрлик аяктап калды

Таласта 450 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.

Талас облусунун Талас районундагы Арал айылындагы Нанаев атындагы орто мектептин негизги курулуш жумуштары бүткөрүлүүдө, азыркы учурда айлана тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Мектеп 450 орунга ылайыкталып, учурда окуучулар үчүн эмеректер алынып, коюлууда. Курулуш иштери 2015-жылы башталган, подряддык уюму «Алтай Строй” ЖЧКсы.

Связанный пост