Сузактагы балдар бакчасында балдарга карата зомбулук фактылары аныкталды
Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан “Кенжетай” балдар бакчасынын кызматкерлери тарабынан тарбияланып жаткан балдарга карата жасалган ырайымсыз мамиле чагылдырылган факты боюнча кылмыш иши козголду.
Тактап айтканда, Сузак районунун Багыш айыл аймагынын №1-Кенжетай балдар бакчасынын кызматкерлери тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбай, балдарга карата ырайымсыз мамиле жасашып, ата-энелердин балдарына карата зомбулук көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча балдар бакчасынын жетекчисине бир нече кайрылгандыгына карабастан көңүл сыртында калтырылып, эч кандай тиешелүү чаралар көрүлбөй келген.
Мындан сырткары, текшерүүдө “Кенжетай” балдар бакчасынын жооптуу кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы №136 Жарлыгында көрсөтүлгөн талаптарды одоно түрдө бузуп, ата-энелерден, балдар бакчанын кызматкерлеринен акча каражаттарын системдүү түрдө чогулткандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо), 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 348-беренеси (Шалаакылык) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Жалал-Абад областтык ИИБна жиберилди.