Мыйзамсыз курулган жолдон улам мөңгүлөр талкалангандыгы аныкталып, кылмыш иши козголду

 Мыйзамсыз курулган жолдон улам мөңгүлөр талкалангандыгы аныкталып, кылмыш иши козголду

Мыйзамсыз курулган жолдон улам мөңгүлөр талкалангандыгы аныкталып, кылмыш иши козголду

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, «К.К.» мамлекеттик ишканасынын «Түштүк» филиалынын кызмат адамдары «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, көмүр кенин казып чыгаруучу жерге барууга жол куруу үчүн уруксат берүүчү документтери жок туруп, кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, «С» ЖЧКнын өкүлдөрү менен алдын-ала сүйлөшүп алышып, Ош токой чарбасынын Загара-2 участкасында узундугу 6100 метр, туурасы 9 метр (29 400 м2) болгон жолду мыйзамсыз кургандыгынын натыйжасында 9392 м2 аянттагы мөңгүлөр талкаланып, жер кыртышы бузулгандыгы аныкталган.

Бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында экологиялык коопсуздук талаптары бузулуп, аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 298-беренеси (Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү тергөөнүн алкагында дайындалган тийиштүү экспертизалардын жыйынтыгына ылайык аныкталат.

Связанный пост