Сокулук районундагы мунай базасындагы жарылуудан 4 адам жабыркады

 Сокулук районундагы мунай базасындагы жарылуудан 4 адам жабыркады

2023-жылдын 20-июнунда Сокулук районунун Шопоков шаарында мунай базада мунай продуктулары бар 1 цистерна жарылып, Чүй облусунун саламаттык сактоо координатору Бактыгул Мамытованын алдын ала маалыматы боюнча, анын кесепетинен 4 адам жабыркаган.

Ар кандай даражадагы күйүк алган төрт жабырлануучу тез жардам кызматы менен Сокулук районунун Жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилген. Жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылды (экөө орточо, бирөө канааттандырарлык абалда). Жабырлануучуларга керектуу дары-дармек, кан компоненттери жетиштүү көлөмдө бар.

Санавиация аркылуу Бишкек шаарынан комбустиолог менен бирге бригада жиберилди. Жеринде 3 тез жардам бригадасы иштеп жатат.

Связанный пост