Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин футбол аянтчасынын курулушуна капсула салынды

 Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин футбол аянтчасынын курулушуна капсула салынды

Бүгүн, 23-август күнү Бишкек шаарында жайгашкан Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин футбол аянтчасынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Салтанатка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттук күрөш боюнча федерациясынын президенти Мелис Турганбаев, Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков жана атайын чакырылган коноктор катышты.

 

Айбек Абдымомунов учурда колледждин спорттогу ордун баса белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду: ” Бул футбол аянтчанын курулушу өспүрүмдөр арасында футболду жайылтууга жана өлкө ичинде мыкты футболчуларды тандап алууга зор мүмкүнчүлүк түзөт. Демилге көтөрүп, аны колдогон демөөрчүлөргө ыраазычылык айтам” – деди ал. Департамент тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөөрүн дагы билдирди.

Белгилей кетсек, долбоордун жалпы наркы 250 миң долларды түзөт, бул каражат колледждин бүтүрүүчүлөрү жана футбол союзу тарабынан бөлүнгөн.

Мындан сырткары, көрүүчүлөр үчүн 300 орундук жана техникалык бөлмөлөр каралган. Курулуш иштери декабрь айына чейин бүтөөрү пландалууда.

Связанный пост