Салык кызматынын лотереясына 18 млн ашык ID-номер катышууда
Бүгүн, 25-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы башталды жана ал 30-декабрга чейин уланат.
25-29-декабрдагы утушка 18 млн 173 миң 997 ID-номер менен 409 миңден ашуун адам катышууда.
Лотереянын катышуучулары “Салык чек” тиркемеси аркылуу 18,7 млрд сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти.
25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар күн сайын Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 13.00.
30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат. Утуш саат 15:00дө УТРК жана Ала-Тоо 24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана Youtube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Утуштарды бул жерден көрсө болот:
Facebook https://www.facebook.com/salykKG