Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды

 Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды

Президент Садыр Жапаров Facebook`тагы баракчасына пост жазып, кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды.

 

“Урматтуу мекендештер!

 

Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу.

 

Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы.

 

Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры”, – деп жазды өлкө башчысы.

Связанный пост