Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга расмий сапары менен барат

 Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга расмий сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 2-4-октябрь күндөрү Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат.

 

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 

“3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла, Италия Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Джорджей Мелони, Италия Республикасынын Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Республикасынын Сенатынын Төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

 

Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

 

2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Связанный пост