Садыр Жапаров Финляндиянын Президенти Александер Стубб менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Финляндия Республикасынын Президенти Александер Стубб менен жолугушту.

 

Кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланды.

 

Мамлекет башчысы 2025-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда (ЕККУ) төрагалык кылуу Финляндияга өтүп жаткандыгы менен финлянд тарабын чын дилден куттуктап, 2025-жылы Хельсинки Корутунду актысынын кабыл алынуусунун 50 жылдыгын эске алганда, бул өтө символикалуу көрүнүш экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө ат салышып жатканын билдирип, Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде Финляндиянын Президенти Александер Стубб өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, диалогго даярдыгын билдирди.

 

Ал Финляндия эл аралык коопсуздукту чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин айтып, көп тараптуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

 

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий өз ара аракеттенүүнүн мындан ары да бекемделишине ишенимин билдиришти, бул эл аралык аренада жалпы максаттарга жетүүгө өбөлгө түзмөкчү.

Связанный пост