Президенттин администрациясынын мурдагы имараты Экономика жана Тышкы иштер министрликтерине берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын мурдагы имаратын Экономика жана коммерция министрлиги менен Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берди.

 

Имарат борбор калаадагы Абдумомунов, 207 дарегинде жайгашкан.

 

Белгилей кетсек, Бишкектин түштүк тарабындагы президенттин администрациясынын жаңы имараты “Ынтымак Ордо” 30-августта салтанаттуу түрдө ачылган.

Связанный пост