Президент япон ишкерлери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда Япониядан келген бизнес өкүлдөр менен жолугушту.

 

Мамлекет башчысы конокторду тосуп алууда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, биргелешкен аракеттер бизнес үчүн жаңы перспективаларды түзүүгө жардам берет.

 

Президент 2021-жылдан бери Кыргызстанда өлкөнүн жашоо-тиричилигинин дээрлик бардык негизги багыттарында реформалар жүргүзүлүп жатканына көңүлдү бурду. Өлкөдө коррупцияга каршы катуу күрөш жарыяланып, ал экономикага, башкарууга жана коомго кеңири тараган. Кыргызстанда ар бир жаран жана ар бир чет элдик инвестор өзүн коопсуз сезген, ишин тынч алып барган өлкөгө айландырууга баардык күч-аракеттер жумшалып жатат.

 

Мындан башка Мамлекет башчысы салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими түзүлгөнүн белгилеп өттү. Салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча туруктуу иш жүрүүдө, анын ичинде салык органдары тарабынан санариптик технологияларды колдонуу менен кызмат көрсөтүү ишке ашырылууда, бул салык тутумунун ачыктыгын камсыздоого шарт түзөт.

 

Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөнүн экономикасына түз чет элдик инвестициялардын агымы көбөйгөнүн айтып, Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен активдүү диалогго жана кызматташууга ачык экенин баса белгиледи.

 

Япониянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү өз кезегинде Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы жана жеке жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн чын дилинен ыраазычылык билдиришти. Алар мындай диалогдун ишкер мамилелерди чыңдоо жана мындан аркы кызматташуу үчүн маанилүүлүгүн айтышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө алар медицина, анын ичинде диагностикалык борборлорду түзүү жана бул мекемелердин медициналык кызматкерлерин окутуу сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин баса белгилешти. Ошондой эле бизнес өкүлдөр банк иши, туризм, энергетика жана спорт тармактарында иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиевге япон ишкерлери менен тыгыз байланышта болуп, пайда болгон маселелерди чечүүдө аларга ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Связанный пост