Президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2-4-декабрда Корея Республикасына болгон расмий сапары аяктады.
Сапардын алкагында 3-декабрда Мамлекет башчысы Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга гүлчамбар коюу аземине катышты.
Президент Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырларды эскерип, Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.
Андан кийин Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташууну акырындык менен тереңдетүү маселелери талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-корей кызматташтыгын арттырууга багытталган эки тараптуу 22 документке кол коюлду.
Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров Корея Парламентинин Спикери У Вон Шик менен жолугушту.
Тараптар саясий, экономикалык жана маданий тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле инвестиция, технология жана туризм жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Ассамблеянын Президенти жана Жашыл өсүү глобалдык институтунун (GGGI) Кеңешинин Төрагасы, БУУнун мурдагы Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту.
Климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу маселелери, ошондой эле инновациялык экологиялык технологияларды киргизүү жаатында кызматташуунун перспективалары талкууланды.
4-декабрда Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кореянын Инвестициялык диалогуна катышты.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну модернизациялоого, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө жана санариптештирүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири айтып берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган видеоролик көрсөтүлүп, презентация жасалды. Андан соң бизнесмендер кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнө суроолорун узатышты, андан кийин эки тараптуу документтерди алмашуу аземи болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров кореялык бизнес өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, өлкөнүн эл аралык кызматташтыкка ачыктыгын жана инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү баса белгиледи.
Расмий сапарын аяктап, 4-декабрда Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.