Президент Садыр Жапаров Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгамды кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгамды ишеним грамоталарын тапшырганына байланыштуу кабыл алды.
Мамлекет башчысы элчини миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Садыр Жапаров боордош Пакистан элин ыйык Рамазан айы менен да куттуктады. Ошону менен бирге 21-мартта Пакистанда болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.
Президент кыргыз тарап Пакистан менен соода-экономикалык мамилелерге өзгөчө маани берерин жана сооданы көбөйтүүгө, атап айтканда, кыргызстандык дыйкандардын айыл чарба продукцияларын экспорттоого, инвестициялык жана туристтик кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Пакистандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий кызматташтыкты бекемдеп, студенттерди алмашуу программасын ишке киргизүүнү сунуштады.
Өз кезегинде элчи Хасан Али Зайгам Садыр Жапаровго Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Рахман Алвинин жылуу саламын жеткирип, аны ыйык Рамазан айы менен куттуктап, көңүл айтканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Хасан Али Зайгам белгилегендей, Пакистан глобалдык климаттын өзгөрүшүнө жана жаратылыш кырсыктарынын өлкөгө тийгизген таасирине дуушар болууда. Буга байланыштуу элчи Пакистан тарап жаратылыш кырсыктарынын алдын алууга багытталган иш-чараларда Кыргызстандын колдоосуна үмүт артарын белгиледи.
Дипломат ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер эки тарапты кызыктырган көптөгөн тармактарда жемиштүү кызматташуу менен ырааттуу бекемделип жатканын баса белгиледи.
Хасан Али Зайгамдын айтымында, соода-экономикалык өз ара аракеттенүү жана туризм тармагындагы кызматташтык чоң потенциалга ээ. Ал Лахор жана Исламабаддан Бишкекке түз авиакаттамдарды ачуу боюнча ишти улантууну сунуштады, бул эки тарапка тең туристтик агымдын өсүшүнө оң таасирин тийгизет жана бизнес чөйрөлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Инвестициялык кызматташуу боюнча Хасан Али Зайгам пакистандык компаниялар Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүүгө, атап айтканда фармацевтика тармагына кызыкдар экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Пакистандын Президентин Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакыруу жөнөтүп, ошондой эле эки өлкө ортосунда түз аба каттамдарын ачуу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.