Президент Садыр Жапаров Берлинге расмий сапар менен келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, расмий сапар менен Германия Федеративдүү Республикасына (ГФР) келди.

Мамлекет башчысынын борту Берлин шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Расмий сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык Канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы германиялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Связанный пост