Президент мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, мамлекеттик сапар менен Монголияга келди.

Мамлекет башчынын борту Улан-Батор шаарынын “Чыңгызхан” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында – Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.

Связанный пост