Ошто бир катар сулуулук салондор текшерилди

Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери биргеликте шаар тургундарынын арасында кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында жеке менчик косметология, сулуулук салондор, ийне саюучу, хижама бөлмөлөрүндө АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык – гигиеналык эрежелердин, эпидемиологиялык ченемдердин аткарылышы боюнча рейд жүргүзүштү.
Текшерүү учурунда 8 косметологиялык салон залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы аныкталып, жумушун токтотуу боюнча санитардык көрсөтмө даярдалып, чара көрүү үчүн ички иштер башкармалыгына кызматтык кат жиберилди.
Ошондой эле, жогорку медициналык билими жок кызмат көрсөткөн 14 кызматкерге Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, 70000 (жетимиш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Аны менен катар санитардык-гигиеналык ченемдерин сактоо боюнча кемчилдиктери айтылып, талапка ылайык калыбына келтирүү иштерин жасамайынча ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди. Рейдтик иш-чаралар уланууда.

Связанный пост