Ош шаары тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мэрдин орун басарлары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Коллегиянын күн тартибинде 6 маселе каралды:
– Ош шаарынын 2023-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2023-жылдын IV кварталына карата милдеттер жөнүндө;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден-соолугун, саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө” программасынын аткарылышы жөнүндө;
– Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана Геопортал электрондук маалыматтык системасынын долбоорунун аткарылышы жөнүндө;
– Ош шаарынын эконмика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдагы күзгү-кышкы мезгилине даярдыктарды көрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;
– “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
– 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында, кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышынын абалы жөнүндө.
Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча токтом долбоорлору кабыл алынып, белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери милдеттендирилди.

Связанный пост