Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылды

 Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылды
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу КРнын ТжКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде аталган жолдо катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, жол убактылуу жабылган. Жерине Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, бир тараптуу каттам берилген. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүп, түнкү саат 02:40тар чамасында жол эки тараптуу ачылды, бирок бороон токтой элек.
Ал эми аталган жолдун Тоң-Мурун ашуусунда кар жаап, бороон болууда.
Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.

Связанный пост