Ош областык ат майданын реконструкциялоо башталды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош областык Төлөйкөн Ат майданынын” капиталдык оңдоп түзөө жана реконструкция жумуштары башталды. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш  жана турак  жай-коммуналдык чарба  мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Ош областык Төлөйкөн Ат майданынын” капиталдык оңдоп түзөө жана реконструкция жумуштары жүрүп жатат

Капиталдык оңдоп түзөө жумуштарын баштоого 2023-жылдан 15-июнь айынан  №56 сандуу «Темир-Стройсервис» ЖЧКсы менен келиши түзүлгөн.

2023-жылы аталган капиталдык оңдоп түзөө объектиси ушул жылдын 20-августунда бүтүрүү планы коюлду.

20-августта баштала турчу ат оюндары жаңыланган Ат майданда өткөрүү пландалууда.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов барып текшерип келген.

Азыркы учурда капиталдык оңдоп түзөө жумуштары (демонтаж) кызуу жүрүүдө.

Связанный пост