Орунбеков: Социалдык тармактарда биринчи айым акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт

 Орунбеков: Социалдык тармактарда биринчи айым акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык бараккчасында билдирди.

Анын маалыматына караганда, маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар.

“Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз”, – деди Орунбеков.

Связанный пост