Нарын шаарында “Тянь-Шань Сити” турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды

 Нарын шаарында “Тянь-Шань Сити” турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Тянь-Шань Сити” турак жай комплексине, ошондой эле Нарын шаарындагы Калкты тейлөө борборунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

“Бүгүн биз төрт заводду, ошондой эле турак жай комплексин жана калкты тейлөө борборун куруу үчүн капсула салдык. Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, жашоочуларды турак-жай менен камсыз кылуу жана шаардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында жер бөлүнгөн, куруучу – Кашкар шаарынан “Цзиньюань Фанди” курулуш компаниясы. Турак жай комплекси он кабаттуу 6 блоктон турат. Компания өкүлдөрү бир жылдын ичинде сапаттуу, заманбап турак жайларды куруп бүтүрүүгө убада беришти. Мындан тышкары, ушул эле компания бардык мамлекеттик кызматтарды камтыган административдик имаратты куруп, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт”, – деди Акылбек Жапаров.

Минкаб төрагасы андан ары “Нарын-Реновация” долбоорунун алкагында Нарын шаарында Чыгармачыл демилгелердин инновациялык борбору, жаңы автобекет, балдардын оюн-зоок борбору жана башка объектилер курула турганын айтты. Мындан тышкары, ипотекалык насыялоонун алкагында көп батирлүү турак жайларды куруу иштери жүрөт.

Связанный пост