Нарын шаарында милициянын аймактык пункту ачылды

Бүгүн, 29-июнда Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында милициянын заманбап аймактык пункту ачылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бул пунктта чет мамлекеттерден келген туристерди, эс алуучуларды, жалпы жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга, тийиштүү коомдук тартипти камсыз кылууга, эл менен тыгыз иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн.

Жарандар бөлүмдөргө барып отурбай ушул жерге кайрылышса болот.

Ачылыш аземге катышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов бул жай чындыгында заманбап жана элдин коопсуздугуна ыңгайлуу экенин белгилеп, мындан сырткары ар бир окуу жайларды, мектеп, бала бакчаларды видеокөзөмөл менен камсыздоону Нарын облусттук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Асаналиевге тапшырды.

Нарын ОИИБнын башчысы Сапарбек Асаналиев билдиргендей, бул пункт КР Ички иштер министрлигинин бюджетинен 1 миллион сомго курулуп берилди. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пунктта жарандардын жазуу жана оозеки кайрылууларын кабыл алып, жергиликтүү калк арасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүп, укук бузуулардын алдын алууга багытталган иштерди алып барышат. Мындай пункттар эми ар бир районго ачылмакчы.

Связанный пост