Мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иши козголду

 Мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иши козголду

Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин мамлекеттик экспертизасынын корутундусу жок Жалал-Абад шаарында жеке менчик жер тилкесинде 9 кабаттуу турак үйдүн жана 3 кабаттуу соода борборунун курулуш иштери уруксатсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталган.

Жалал-Абад областтык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, курулушу бүтүп жаткан объектилердин курулушуна мыйзамсыз түрдө архитектуралык-шаар куруу корутундуларын түзүшкөн.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 214-беренеси (“Өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Связанный пост