Министр: “Кыргызфармация” ишке киргенден бери ооруканалардагы дары-дармектин баасы арзандады

 Министр: “Кыргызфармация” ишке киргенден бери ооруканалардагы дары-дармектин баасы арзандады

“Кыргызфармация” ишканасы ишке киргенден бери Кыргызстанда дары-дармектин баасы арзандады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу ооруканаларда дары-дармектин баасы 200-600%га чейин арзандады.

“Кыргызфармация” ишканасы дары-дармек чыгарган тарап менен түз иштешип, анын жыйынтыгында мындай арзандатууларга жетишүүдө. Буга чейин менчик фармацевтикалык компаниялар дарыны алып келип баасын өздөрү коюп, тендер менен сатып келишкен”, – деди ал.

“Азыр “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы дары-дармек өндүргөн заводдор менен түз келишим түзөт. Заводдон алынган баага жол кире жана кызматкерлердин айлыгын жабуу үчүн 5% гана кошулат”, – деп белгиледи министр

Эске салсак, “Кыргызфармация” ишканасы 2023-жылы түзүлгөн. Ишкананын максаты жана милдети — мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары каражаттары, медициналык буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.

Связанный пост