МБКнын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Мамлекетке 4,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген

 МБКнын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Мамлекетке 4,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген

МБКнын контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы КР УКМКнын 6-башкы башкармалыгы менен биргеликте бажылык укук бузуу фактыларын аныктады.

2022-жылдын аралыгында Түркия Республикасынан «П.С.С.И.Т» ЖЧКсынын дарегине «PD 500» маркасындагы 6 бургулоочу машиналар келген жана алар «Убактылуу ташып келүү» жол-жобосу боюнча бажы шарттарында таризделгени аныкталган.

Бирок кийинчерээк «Убактылуу ташып келүү» жол-жобосунда каралган мөөнөттөр бузулуп, натыйжада Кыргыз Республикасынын бюджетине туумдарды кошпогондо 4 503 340 сом зыян келтирилген.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост