«Манас» эл аралык аэропортунда Сеулдан биринчи каттамды салтанаттуу тосуп алышты

«Манас» эл аралык аэропортунда Сеулдан келген алгачкы каттамды суу аркасы менен салтанаттуу тосуп алышты.

Бүгүн, 2023-жылдын 11-июнунда Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учак келип конду. Мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.

Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат.

Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат: Учактын Сеул шаарына конуусу жекшемби күнү аткарылат, ал эми Бишкектен учуу убактысы дүйшөмбү күнү аткарылат.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиа билеттерди сатпай турганын жана баа саясатына аралашпай турганын эскертет. Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржы маселелерге кийлигишпейт.

Связанный пост