Маданият министрлиги 6 ай ичинде эл аралык кызматташуу жаатында 13 эл аралык келишим иштеп чыкты

 Маданият министрлиги 6 ай ичинде эл аралык кызматташуу жаатында 13 эл аралык келишим иштеп чыкты
Маданият министрлиги 6 ай ичинде эл аралык кызматташуу жаатында 13 эл аралык келишим жана 1 программа иштеп чыкты. Кол коюулган документтердин тизмеси:
– Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш. Мирзиеевдин Республикага болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Министрлик менен Өзбекстан Республикасынын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданий баалуулуктарды уурдоону, жашыруун казууну жана мыйзамсыз алып келүүнү жана алып кетүүнү алдын алуу жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуу;
– 30 сериялуу “Бишкектеги сүйүү” кытай-кыргыз телесериалынын өндүрүшүн биргелешип илгерилетүү боюнча стратегиялык кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуу;
– 40 сериялуу “Жибек жолунун алыскы шамалы” телесериалынын өндүрүшүн биргелешип илгерилетүү боюнча келишим;
– Россиянын улуттук драма театры “Александрия театры” менен театралдык искусство чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Басма сөз канцеляриясынын ортосундагы ЖМК тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы спорт жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Республикасынын Маданий мурастар башкармалыгынын ортосундагы маданий мурастар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Венгриянын, Сауд Аравия Королдугунун Улуттук музейлеринин ортосунда музей иши жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумдар;
– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кувейт Мамлекетинин Маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук кеңешинин Башкы Катчылыгынын ортосундагы 2023-2025-жылдарга карата маданият жаатындагы программаларына кол коюлду.

Связанный пост