Лотереянын катышуучуларына ID-номерлерди ыйгаруу токтотулду

 Лотереянын катышуучуларына ID-номерлерди ыйгаруу токтотулду

Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын шарттарына ылайык, байгелер ойнотулуучу күндөрү ID-номерлерди ыйгаруу убактылуу токтотулат.

Бирок лотереянын катышуучулары кассалык чектерди сканерлей алышат.

26-июндан 30-июнга чейин сканерден өткөн кассалык чектерге ID номерлер 1-июлда сизге башкы байгени утууга көбүүрөк мүмкүнчүлүк бериш үчүн 30-июндан 1-июлга караган түнү ыйгарылат.

26-июндан 30-июнга чейин 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат. Тактап айтканда, күн сайын 234 адам баалуу байгелердин ээси болушат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 14.00.

Негизги иш-чара 1-июлда “Ала-Тоо” аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар эстрада жылдыздарынын катышуусунда кызыктуу шоу-концерт менен коштолот.

Связанный пост