Кыргызстандын айыл чарба продукциялары 80дей мамлекетке экпорттолууда

 Кыргызстандын айыл чарба продукциялары 80дей мамлекетке экпорттолууда

Кыргызстанда чыгарылган айыл чарба продукцияларынын 60тай түрү 80дей мамлекетке экпорттолууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдык жүрүшү жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү 425 ишкана ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын экпорттоого укугу бар. Муну менен катар бир катар компаниялар Кытай, Түркия жана Өзбекстандын ушундай эле реестерине киргизилген.

“Мындан сырткары мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн аркасында ата-мекендик өндүрүштү экспорттоонун географисын кеңейтүү максатында Кытай менен

15 продукцияны экспорттоо боюнча протоколго кол коюлду. Жакынкы күндөрү дагы 3 продукцияны экспорттоо боюнча протоколго кол коюлат”,-деди ал.

Связанный пост