Кыргызстандык дыйкандарга дизель майы 65 сомдон сатылууда

 Кыргызстандык дыйкандарга дизель майы 65 сомдон сатылууда

Бүгүнкү күндө дыйкандарга күзгү айдап-себүү жана оруп-жыюу үчүн дизельдик күйүүчү майдын талондорун 65 сомдон сатууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бөлүштүрүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, азыркы учурда дээрлик 2 млн 975 миң литр күйүүчү май бар.

Арзан баадагы дизельдик күйүүчү майды алуу үчүн Министрликтин ар бир райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылсаңыздар болот.

Связанный пост