Кыргызстандан Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жерткирилди

 Кыргызстандан Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жерткирилди

Кыргызстандан Афганистанга 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам 28-сентябрда жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 75 сессиясында да Афганистанга жардам берүүгө чакырык таштаган.

Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кечелер, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектер жеткирилген.

Связанный пост