Кыргызстанда ойлоп табылган мобилдик оюн мыкты жарандык оюнга жарыяланган эл аралык конкурстун финалына чыкты

 Кыргызстанда ойлоп табылган мобилдик оюн мыкты жарандык оюнга жарыяланган эл аралык конкурстун финалына чыкты

Кыргызстандагы эрте нике көйгөйүнө арналган “Сары-Көлдүн сыры” аттуу өспүрүмдөр үчүн оюн “Games for Change Award” конкурсуна жиберилген 340 оюндун ичинен иргелип алынып, финалга чыкты. “Games for Change Award” конкурсу мыкты социалдык таасирди жана иммерсивдүү медианы тандоо максатында уюштурулган. Оюнду “Ачык линия” Коомдук фонду иштеп чыккан. Коомдук фондду Европа Биримдиги каржылаган “Теңдик нуру” глобалдык демилгесинин алкагында ЮНИСЕФ колдоп келет.

Кыргызстандагы эрте нике тууралуу өспүрүмдөр үчүн “Сары-Көлдүн сыры” оюну “2023-жылдын мыкты жарандык оюну” номинациясы боюнча “Games for Change Award” аттуу эл аралык конкурстун кыска тизмесине (шорт-листке) кирди. Жеңүүчүнүн ысымы 18-19-июлда АКШнын Нью-Йорк шаарында жыл сайын өтүүчү “Games for Change” фестивалында белгилүү болот.

“Сары-Көлдүн сыры” – бул эрте никенин тобокелдиктери, билим берүүнүн, кыздардын дараметин ачып, аларда лидерлик сапаттарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө аудиторияны маалымдоого багытталган мобилдик тиркеме-оюн. Оюн интерактивдүү тарых жанрында аткарылган, мында бардык окуялар Бишкектен анча алыс эмес тоолуу айылда өнүгөт. Оюнчу сценарийдин өнүгүшүнө таасир этип, аны өзгөртүү менен башкы каарман үчүн чечимдерди кабыл ала алат.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йозефсон буларды айтты: “Гендердик теңчиликти жана кыздар менен аялдарга карата зомбулуксуз мамилени жайылтуу − Европа Биримдиги Кыргызстанда адамдын негизги укуктарын камсыз кылуу багытында жасап жаткан иштин маанилүү бөлүгү. Бул иш азыр “Сары-Көлдүн сыры” оюну сыяктуу инновациялык санариптик тиркемелерди камтыганына сыймыктанам. Бул оюн баарынан көп муктаж болгондор үчүн маалымдуулукту жогорулатуу боюнча күч-аракеттердин натыйжалуулугун камсыз кылып, мындай аяр маселелер боюнча теңтуштардын ортосунда маанилүү талкууларга жем таштайт деп ишенем”.

40 000ден ашык оюнчу эрте нике жөнүндө билүү үчүн мобилдик оюнду жүктөп алышкан. Изилдөө көрсөткөндөй, 39 064 адамдын арасында “Сары-Көлдүн сыры” оюну эрте нике – бул кылмыш деген ишенимди кыйла бекемдеген (86%), оюнчулардын мажбурлоо жолу менен никеге турган досторуна жардам берүүгө даярдыгын жогорулаткан (86%) жана кыздар ата-энесин диалог аркылуу никеден баш тартууга көндүрө аларына көбүрөөк ишенип калышкан (61%).

“Кыргызстанда ар бир сегизинчи кыз 18 жашка чейин турмушка чыгат. Оюн өспүрүмдөргө эрте нике тууралуу, жардам сурап кайрылууга боло турган жерлер жөнүндө маалымат берет. Оюн ошондой эле өз алдынча ой жүгүртүүгө көмөктөшүп, жашоону өзгөрткөн чечимдерди ишенимдүү кабыл алууга түрткү болот. Биз эрте курактагы нике менен күрөшүүгө жардам берген оюн эл аралык деңгээлде таанылып жатканына кубанычтабыз”, – деп билдирди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Кристин Жольм.

“Ачык линия” фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова оюндун жаралуу тарыхы менен бөлүштү: “Долбоордун башында эле команда кыздарга кыялданууга, чечим кабыл алууга жана өзүн эркин сезүүгө мүмкүнчүлүк бере турган оюнду жаратуу максатын көздөдү. Биз иштеп чыккан биринчи оюн “Бишкектеги жаз” болчу, ал 150 000ден ашуун адамга жете алды. Ушундай алдыңкы тажрыйбанын негизинде биз эл аралык иштеп чыгуучулардын, сүрөтчүлөрдүн жана IT-адистеринин башын бириктирген команда менен биргеликте “Сары-Көлдүн сыры” оюнун ойлоп таптык. Оюн учурунда кыздардын пикирин сураганыбызда, алар үчүн ушундай атмосфераны жаратып, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенибизге кубандык. Бул оюнда оюнчулар бардык каармандар менен жолугуп, аларга сыноолордун баарынан ийгиликтүү өтүп, өзгөрүүлөрдү сезүүгө жардам бере алышат”.

“Сары-Көлдүн сыры” оюнун “Ачык линия” Коомдук фонду оюндарды иштеп чыгуучулардын эл аралык командасынын катышуусу менен жараткан. Долбоорду ЮНИСЕФ колдоого алып, ал Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында ишке ашырылган. “Теңдик нуру” демилгеси Кыргызстандагы аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукту токтотуу максатын көздөйт. Оюнду Google Play Market жана App Store тиркемелеринен жүктөп алууга болот.

 

Связанный пост