Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 83 айдоочу аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 83 айдоочу аныкталды

Кыргызстандын аймагында 11-марттан 17-мартка чейинки аралыкта 22 миң 563 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдайт.

 

Анын ичинде:

 

тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 224;

мас абалында унаа башкаруу – 83;

автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 61;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 873;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 234;

автоээнбаштык – 5;

белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 460;

жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 1;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 622;

Ошондой эле 992 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

 

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост